УКМК: Бишкек шаарындагы 3 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
- 1 год мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) А.Ж. акционердик коомунун ишмердүүлүгүндө өлкөнүн кызыкчылыктарына зыян келтирүү менен жер тилкесин белгиленген тартипти бузуу аркылуу төмөндөтүлгөн нарк боюнча алып коюу фактысы аныкталгандыгын билдирди.
УКМК басма сөз кызматы “Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары «А.Ж.» АКсына (мында акционерлердин бири мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча орган болгон) автотранспорт ишканасын түзүү жана автотранспортту токтотуу үчүн максаттуу багыты бар 5,5 гектар жер тилкесин өткөрүп беришкендиги аныкталган” деп маалымдады.
Андан соң, мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү мезгилинде, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча органга таандык акциялардын үлүшү акционердик коомдун башка катышуучулары тарабынан, сатуу учурунда колдонулган жол-жоболорду бузуу менен төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатылып алынган. Ошол эле учурда бөлүнгөн жер тилкеси А.Ж. АКнын менчигинде толук бойдон калган, көрсөтүлгөн фактылардын натыйжасында мамлекетке материалдык зыян келтирилген.
“Көрүлгөн чаралардын жана жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогоруда аталган объектинин ээси А.А.К. аттуу жаран аталган мүлккө ээлик кылуунун жана пайдалануунун мыйзамсыздыгын моюнга алган. Мындан улам, А.А.К. акционерлер менен бирге аянты 5,5 га жер тилкесин бөлүп берүү жана бардык курулуштары менен 3 га жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарып берүү чечимин кабыл алды. Бүгүнкү күндө бул объект Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди” деп айтылат маалыматта.




