УКМК: Бишкек шаардык сотунун судьясы 5 миң доллар пара менен кармалды

  • 7 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы “И.Н.А.” опузалап акча талап кылып, алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады. Ал эми буга чейин ЖМКларда кармалган судья Назгүл Илиязова экени айтылган.

УКМКнын маалыматында мындай деп айтылат: «Бишкек шаардык сотунун айрым судьялары каралып жаткан кылмыш ишинин алкагында эркинен ажыратуу менен байланышпаган оң чечим чыгарып берүү үчүн жактоочунун ортомчусу аркылуу соттолуучунун жакын туугандарынан опузалап 5 миң АКШ долларын (443 500 сом) өндүрүп алышкан. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, чындыгында соттор тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схеманын иш жүзүндөгү фактысы, алардын кылмыштуу иштерине “ишенимдүү” адвокаттар тартылганы аныкталды».

Ошол эле учурда, судьяга акча каражаттарын берүүнүн алдында жактоочунун жанында мурда даярдалган (адалдоого алынган) каражаттар болушу керек болчу, алар соттук коллегияга кирген экинчи инстанциянын судьяларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн.

Акча каражатын алмаштыруунун бул схемасы системалуу мүнөзгө ээ болуп, судьялар менен алдын ала макулдашылып адвокат тарабынан анын кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында ишке ашырылып жүргөн.

Бул кылмыштуу амалдын катышуучуларынын планы боюнча, эгерде алар укук коргоо органдары тарабынан кармалса, адвокат туруктуу жана ишенимдүү ортомчу катары, акча каражатын көрсөткөн юридикалык кызматы үчүн акы катары алганын айтмак, ал тууралуу алдын ала ойдон чыгарылган келишим түзүлүп даярдалган. Ошону менен бирге, зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин бардык колдо болгон маалыматтарды, анын ичинде судьянын түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылган акча каражаттарын алуу жана адалдоо боюнча “белгиленген коррупциялык схеманын иштешин”, судьялар жеке коопсуздугуна ынангандан кийин акча каражатын алганын тастыктаган көрсөтмөлөр алынды.

27-сентябрда Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаардык сотунун судьясы Назгүл Илиязова Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2023-жылдын 26-ноябрына чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Бул иш боюнча тергөө иштери улантылып жатканы белгиленди.

Буга чейин ЖМКларда пара менен кармалган Бишкек шаарлык соттун судьясы Назгүл Илиязова экендиги жана аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Соттор кеңешинин уруксат берилгени да белгиленген. Ал эми экинчи судья Заурбек Жунусов пара доолаганы боюнча күбө катары өтүп жатат деген маалыматтар ЖМКда жарыя болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты