УКМК: Аткезчилик иштердин негизги уюштуруучуларынын бири кармалды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Баткен облусунда аткезчилик иштер менен алектенген жарандардын бири УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-февралда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн экономикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча ыкчам иш-чаралардын алкагында Баткен облусунун аймагында контрабандалык иштер менен алектенгендердин бири — Н.Б.А аттуу жаран кармалган. Ал кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы аркылуу контрабандалык жүктөрдү ай сайын тоскоолдуксуз алып өтүү үчүн УКМКнын кызматкерине 50 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүмүнүн (кызмат адамдарына пара берүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты