Уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар жаран өзгөчө ири алдамчылыкка шектелип кармалды

  • 3 месяца мурун

Уюшкан кылмыштуу топтун колдоосу астында, алдоо жана коркутуу жолу менен С.Э. аттуу жарандын мүлкүн жана биргелешкен бизнестеги үлүшүн ээлеп алган КР жараны А.М.Т кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына киргизилди.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы 11-майда билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы А.М.Т. атуу жарандын Бишкек шаарынын аймагындагы аянты 3 гектардан ашык, баасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 10 миллион АКШ долларын түзгөн муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке чыгарууга катыштыгы бар экендиги аныкталды.

А.М.Т. криминалдык авторитет менен туугандык байланыштын артына жашынып, көзөмөлдөөчү органдарды коркутуу жолу менен муниципалдык жер тилкелерин  пайдалангандыгы үчүн белгиленген 3 миллион сомдон ашык суммадагы ижара акысын кем баалап, төлөгөн эмес.

Учурда бул мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жаткандыгы кабарланды.

Уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар жаран өзгөчө ири алдамчылыкка шектелип кармалды
Уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар жаран өзгөчө ири алдамчылыкка шектелип кармалды
Уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар жаран өзгөчө ири алдамчылыкка шектелип кармалды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты