Өлкө башчы Садыр Жапаров туулган күнүн белгилөөдө. Кимдер куттуктады?

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 6-декабрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Ал 56 жашка чыкты. Жапаровдун туулган күнү менен куттуктап, коңшу жана алыскы өлкөлөрдүн башчылары куттуктоо каттарын жөнөтүүдө.

Орусиянын президенти Владимир Путин Жапаровду туулган күнү менен куттуктап: “Орусия биздин мамлекеттердин ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө кошкон жеке салымыңызды жогору баалайт»,- деп билдирген. Ошондой эле ага чың ден соолук, бакубатчылык жана Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик ишине ийгилик каалаган.

Ошондой эле Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев куттуктоо катын жөнөтүп: «Сиздин акылман жетекчилигиңиз астында боордош Кыргызстан социалдык-экономикалык өнүгүүдө, демократиялык негиздерди бекемдөөдө жана жарандардын бакубаттуулугун жакшыртууда чоң ийгиликтерди көрсөтүү менен гүлдөгөн мамлекетти куруу жолунда ишенимдүү баратат»,- деген. Токаев дагы өлкө башчыга ден соолук, түгөнгүс энергия жана ишмердүүлүгүнө ийгилик каалаган.

Садыр Жапаровду туулган күнү менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев куттуктады.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Жапаровду куттуктап, ага чын ден соолук жана бардык жакшылыктарды каалап, аны эмки жылы Кытайга келип кетүүгө чакырды.

«Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө чоң маани берем жана Сиз менен түзүлгөн жакшы иштиктүү мамилелерди жана жеке достукту жогору баалайм жана келерки жылы эки тарапка тең ыңгайлуу убакта Кытайга келип кетүүгө чакырам»,- деди Си Цзиньпин.

Ошондой эле Жапаровго Беларусиянын президенти Александр Лукашенко, Түркмөнстандын башчысы Сердар Бердымухамедов, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов куттуктоо каттарын жөнөтүштү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты