«Эл үмүтү» стипендиясынын стипендиаттары белгилүү болду
- 4 дня мурун
- Жаңылыктар
2026–2027-окуу жылына карата өткөрүлгөн конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 26 жаран президенттин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясына татыктуу болду.
Алардын ичинен 14 стипендиат биринчи окуу жылында билим алууну баштайт, дагы 12 стипендиат экинчи жана үчүнчү окуу жылдарында окуусун улантат.
Алар дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде илим, технология, билим берүү, экономика, мамлекеттик башкаруу, саламаттык сактоо жана башка артыкчылыктуу багыттар боюнча билим алышат.
Президенттин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы Кыргыз Республикасынын эң таланттуу жаштарына ыйгарылып, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошо ала турган жаңы муундагы адистерди даярдоого багытталган.
Программа жаштарга дүйнөнүн алдыңкы чет өлкөлүк университеттеринде заманбап билим жана компетенцияларды алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Стипендия магистратура жана PhD докторантурасы деңгээлинде билим алуу үчүн дүйнөнүн алдыңкы чет өлкөлүк жогорку окуу жайларына жана QS World University Rankings жана Times Higher Education дүйнөлүк рейтингдеринде алдыңкы 100гө кирген билим берүү программаларына берилет.
Ар бир стипендиаттын окуусун каржылоо Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
«Эл үмүтү» программасы кыргызстандык жаштарга дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде билим алууга шарт түзүп, Кыргыз Республикасынын мындан аркы өнүгүүсү үчүн зарыл болгон кесиптик жана илимий потенциалды калыптандырууга багытталган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




