“Тышкы карызды бир күндө төлөп койсок болот”. Президент тышкы карыз тууралуу
- 4 недели мурун
- Баяндар
“Кабар” агенттигине кечээ, 20-февралда, берген маегинде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын тышкы карызы 7 миллиард долларга жетип кеткендиги боюнча социалдык тармактарга тарап жаткан маалымат жалган экенин, тышкы карыз көйгөй эмес экенин, аны бир күндө төлөп салса болорун, бирок… бир маселе бар экенин билдирди. Кандай маселе?
-Учурда соцтармактын айрым колдонуучулары тышкы карызыбыз 7 миллиард долларга жетип калганын жазышууда. Ушул так маалыматпы?
— Бул жалган маалымат. Сырткы карызыбыз 4,5 миллиард доллар бойдон турат. Бул маалыматты айрым ишсиз калган же качып жүргөн саясатчылар бийликти элге жаманатты кылып көрсөтүү үчүн таратып жатышат. Биз азыр сырткы карыздан коркпойбуз. 2020-жылга чейин коркуп келгенибиз анык. Анткени 2020-жылы бюджетибиз 250 миллиард сомдун тегереги болчу. ИДП болсо 700 миллиарддын тегереги эле. Азыр бюджетибиз 700 миллиард сомго жетти. ИДП болсо 1,5 триллион сомдон ашты. Бүгүн алтын валюта резервибиз 6 миллиард долларга жакын болуп турат. 2020-жылы 2 миллиард доллардын тегереги эле,-деп жооп берди президент Жапаров.
Ошондой эле Улуттук банкта 60 тоннадай алтын бар экенин белгиледи.
-Бүгүн Улуттук банкта 60 тоннага жакын алтын запасыбыз топтолду. Бул көрсөткүч 2020-жылы 16 тонна болчу. Депутат Балбак Түлөбаев айткандай, бүгүн тышкы карызыбызды бир күндө төлөп койсок болот. Күчүбүз жетет,-деди Жапаров.
Анда эмнеге тышкы карызды бир күндө төлөп коюуга болбой турганын мындайча чечмеледи:
-Бирок буга чейинки маектеримде айтканымдай, бир күндө төлөп коюш бизге пайдасыз экен. Себеби кредитти алып жатканда 30-40 жылга чейин 2% (пайыз) менен алыптырбыз. Келишимдин эрежесине ылайык, эгер убагынан эрте төлөй турган болсок, анда үстөк пайыз менен төлөйсүңөр деп кол коюлган экен. Себеби кредит берип жаткан тарап акчасын 30-40 жылга чейин ушул вариант менен деп пландаштырып биздин өлкөгө берди да. Ошол үчүн ушул убакыттан эрте төксөк, анда 2 пайыз эмес, үстөк пайыз менен төлөйсүңөр деп турат. 2035-жылга чейин негизги тышкы карызыбызды график менен эле төлөп бүтөбүз. Ошондуктан тышкы карыздарыбыз бизге көйгөй эмес.
Ички карыздарыбыз болсо сом менен төлөнөт. Ички карыздар бизге коркунуч жаратпайт. Алардан кутулуунун жолдору толтура. Экономист, финансисттер жакшы билишет,-деди президент Садыр Жапаров маегинде.
Сүрөт: president.kg