Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты

  • 7 месяцев мурун

Ооганстандын батышында олуттуу жоготууларга алып келген кыйратуучу жер титирөө тууралуу кабарды Кыргызстан терең кайгыруу менен кабыл алды.

Учурдагы оор мезгилде кыргыз тарап боордош афган эли менен.

«Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, табигый кырсыктан жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетишин чын жүрөктөн тилейт» деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Ишемби күнү Ооганстандын батышында 6,3 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу Ооаганстандын Герат шаарынын түндүк-батышынан 30 чакырым алыстыкта болгон. Ооганстанда катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны соңку маалыматтарда 2000ден ашканы кабарланды.

Сүрөт: ТИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты