Тышкы иштер министринин орун басары Имангазиев Пакистан элчиси Зайгам менен жолугушту

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 18-майда, тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев менен Пакистандын  Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгамдын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда пакистандык тарапка чет элдик жарандардын катышуусунда болгон окуя жана укук коргоо органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле кыргыз тарап окуя тууралуу Пакистандын элчисине тастыкталбаган маалыматтарды таратпоо боюнча пакистандык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылды.    

Тышкы иштер министринин орун басары Пакистан элчисин кырдаал компетенттүү органдарынын көзөмөлүндө экенин билдирди.

17-май күнү кечинде Бишкек шаарында, Чүй жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги конок үйдүн биринин жанында 100дөн ашык киши топтолду. Социалдык тармактарда тараган видеолордо турган адамдардын айрымдарын милиция кызматкерлери кармап кетип жатканын көрүүгө болот.

17-майда кечинде Интернетте «чет элдиктер аралашкан» деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазып чыгышты.

Свердлов райондук милициясы окуя боюнча кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун, чет өлкөлүк үч жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганын “Азаттыкка” билдирди.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты