Тышкы иштер министринин орун басары Абакиров АКШ элчиси Лесли Вигери менен жолугушту  

  • 4 недели мурун

12-январда тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.  

Тараптар 2026-жылдын 4-5-февралында Бишкек шаарында пландалып жаткан «В5+1» форумдун даярдыктары тууралуу сүйлөштү.
АКШнын Кыргыз Республикасынын жарандарына B-1/B-2 категориядагы визаларды берүүдө кошумча талаптарды киргизүүсүнө байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап жаңы талаптардын киргизилишине тынчсыздануусун билдирип, эки өлкөнүн жарандарынын өз ара сапарларын жеңилдетүү зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары, бул чаралар ишкерлер ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө жана өлкөлөрдүн соода-экономикалык кызматташтыгын тереңдетүүгө тоскоолдук жаратарын белгиледи.
Өз кезегинде, АКШнын элчиси Вигери кошумча талаптар кандайдыр бир конкреттүү өлкөгө карата эмес, АКШнын миграциялык саясатынын алкагында жана визалык мыйзамдарды сактоо зарылдыгын эске алуу менен киргизилгенин белгиледи.
Тараптар визалык чөйрөдөгү учурдагы абалды жөнгө салуу маселелери боюнча кызматташуу боюнча макулдашты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты