Тышкы иштер министри Кулубаев Малайзияга расмий сапар менен барды   

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 1-апрелде, Малайзиянын тышкы иштер министри Утама Хажи Мохамад Хажи Хасандын чакыруусу боюнча тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Малайзияга эки күндүк расмий сапар менен барды.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы маалымдады.

Анда белгиленгендей, алгачкы күнү эки өлкөнүн тышкы иштер ведомстволорунун жетекчилеринин жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтыктын кеңири спектрин, анын ичинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө талкуулашты.

Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга, өлкөлөрүбүздүн ортосунда түз авиакаттамдарды ачууга, ошондой эле билим берүү жана халал индустриясы тармагындагы мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты