“Тулпар” транспорт картасынын 2020-жылы чыгарылган түрүнүн мөөнөтү аяктады
- 1 год мурун
“Тулпар” транспорттук карталарынын 2020-жылы долбоор башталган учурда чыгарылган түрлөрүнүн мөөнөтү аяктады. Учурда карталардын колдонуу мөөнөтүн узартуу боюнча техникалык иштер жүргүзүлүп жатат.
Бул тууралуу “Тулпар” бирдиктүү транспорт картасынын командасы маалымдады.
«Картанын мөөнөтүн узартуу процесси үчүн 1–2 күн керектелет. Иштер аяктагандан кийин мөөнөтү бүткөн бардык карталар автоматтык түрдө кайра иштей баштайт — сизден эч кандай кошумча аракет талап кылынбайт» деп айтылат маалыматта.
Бирок, эгер сиз картаны алмаштырууну кааласаңыз, андай мүмкүнчүлүк да каралгандыгы белгиленди. Май майрамдарына байланыштуу «Тулпар» «тейлөө борборунун иш графиги өзгөртүлдү.
Дарек: Токтогул көчөсү, 245
2-майдан тартып иш графиги:
09:00дөн 18:00гө чейин
Түшкү тыныгуу: 12:00дөн 13:00гө чейин
Кечээ, 2020-жылы алынган “Тулпар” картасы коомдук унаада иштебей, пенсиядагы адамдарын көбү убара тартышкан.
Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы




