Трамп менен Масктын кайым айтышуусу: Маск саясий комитеттерге каражат салуу ниетинен кайткандыгы айтылууда

  • 1 месяц мурун

Tesla жана SpaceX компанияларынын ээси Илон Маск АКШнын президенти Дональд Трампка байланыштуу саясий комитеттерге 100 миллион доллар саларын билдирген, бирок эл алдында экөө кайым айтышып кеткенден кийин, Маск ал оюнан кайткандыгын NBC News  басылмасына бизнесмендин атын атабаган кеңешчилеринин бири билдирген.  

“Ал акчалар кетти” деп билдирген кеңешчи. Ал тургай ал каражаттар демократтарды колдоого берилерин кыйытты. Эгер Трамптын салык жеңилдиктерине добуш берилсе. Негизи президент Трамп менен бизнесмен Масктын кайым айтышуусу да салык жеңилдиктерине байланыштуу келип чыккан.   

Ошентсе да, айрым басылмалар, алсак Politico Трамп менен Масктын жарашып жатканын белгиледи. Ак үйдөгүлөр президент Дональд Трампты Маскты элдин көзүнчө сындоону азайтууну сунушташкан. Ал тургай экөөнүн телефон сүйлөшүүсүн пландашкан.   

Май айынын аягында Илон Маск өкмөттүн натыйжалуулугу боюнча департамент башчылыгынан кете турганын билдирген. Ал эми Трамп Илон Маск менен бирге басма сөз жыйынын өткөрүп, ага Ак үйдөн символикалуу ачкычын тапшырган. Андан бир нече күндөн кийин Маск Дональд Трамптын салыктык жеңилдиктер жана бюджет тууралуу мыйзамын сындай баштаган.

5-июнда Дональд Трамп менен Илон Масктын кайым айтышы күчөп, Маск эгерде Трампты колдобосо, ал президент болмок эместигин билдирген. Ал эми Трамп Масктын компанияларынын субсидиялардан ажыратуу менен коркуткан. Ал экөөнүн эл алдында кайым айтышуусунан кийин Tesla компаниясынын акциялары 14% пайыз түшүп кеткен.

Трамп Маскты “акылынан айнып калды” десе, Маск Трампка импичмент жарыялоо керектигин айткан.  

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты