Торугарт жана Эркечтам көзөмөл-өткөрүү жайлары убактылуу жабылат
- 2 months мурун
Кытайда Күздүн ортосу майрамы (29-сентябрда) жана КЭР негизделген күнү (1-октябрда) майрамдалаарына байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Торугарт-автожол” жана “Эркечтам-автожол” өткөрүү жайлары 2023-жылдын 29-сентябрында, ошондой эле 1-3-октябрда убактылуу жабылат.
Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирди.
“Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” көзөмөл- өткөрүү жайлары адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү 30-сентябрда өткөрө турганы жана 2023-жылдын 4-октябрынан баштап кайрадан күнүмдүк тартипте иштей баштаары маалымдалды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү