Топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу өттү
- 3 года мурун
2022-жылдын 10-15-февралында Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар калган тилкелердеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясынын өтүүсү маселеси тууралуу пикир алышып, талкууну Тажикстанда өтүүчү келерки жолугушууда улантууну макулдашты.
Кыргыз-тажик чек арасынын маселеси тууралуу Сереп бул шилтемеде.
Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү