Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол коюлду
- 2 года мурун
Президент Садыр Жапаров “2023-2027-жылдар мезгилин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Жарлыкка ылайык, өлкөнүн экологиялык, экономикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо максаты коюлду.
Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Айтмурзаев Нурлан президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.
Тышкы иштер министрлигине бир айлык мөөнөттө Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча Жол картанын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө киргизүү тапшырылды.
Сүрөт: Интернет булактарынан.