Тоо-кен геология комплекси өткөн жылы бюджетке 23 миллиарддан ашык сом төлөгөн

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, тоо-кен тармагынын кызматкерлерин геологдор күнү менен куттуктады.

-Азыркы учурда ата мекендик тоо-кен — геология комплексин капиталды көп талап кылган ишканалар түзөт. Алар 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкө бюджетине жалпы салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр менен кен иштетүүдөгү социалдык төлөмдөрдөн 23 миллиарддан ашык сом төлөшкөн.

Бул көрсөткүчтөргө ушул тармактын бардык кызматкерлери, анын ичинде геологдор талыкпай эмгектенип жетишкендигин баса белгилеп кетейин.

Бүгүнкү күндө дүйнөлүк тенденциялар геология тармагын өнүктүрүү жаатында башкаруу, заманбап технологияларды колдонуу жана өлкө аймагында масштабдуу, системалуу изилдөөлөрдү жүргүзүү сыяктуу иш-аракеттерде жаңы ыкмаларды киргизүүгө түрткү берет. Мындай заманбап ыкмаларды адистерибиз ыкчам өздөштүрүп, колдонууга тез арада киргизерине бекем ишенем.

Ата мекендик геологияны өнүктүрүү үчүн салым кошкон, тажрыйбасы мол ардагерлерге да өзгөчө ыраазылык билдирем!

Урматтуу геологдор жана кадырлуу ардагерлер!

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө салымы зор бул тармактын ишин алга жылдырып, алдыга коюлган милдеттерди ишке ашырууда албан-албан ийгиликтер коштосун.

Сиздерге чың ден соолук, жаратман эмгек каалайм жана мээнетиңиздерди жаңы табылгалар, геологиялык чоң ачылыштар жылоолосун!-деп айтылат куттуктоодо.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты