Орозбек Дүйшеевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди
- 2 месяца мурун
Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозбек Дүйшеевдин сөөгү 28-декабрда Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди.
Орозбек Дүйшеев 27-декабрь түнү 93 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Орозбек Дүйшеев 1932-жылы 1-апрелде Таластын Ленинполь районунун Көк-Таш айылында туулган. 1955-жылы ал Москвадагы тоо-кен институтунун аяктагандан берки өмүр жолун тоо-кен тармагында, жетекчилик кызматтарда иштөөгө арнаган.
Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты болуп шайланган.
Орозбек Дүйшеев көп жылдык эмгеги үчүн II жана III даражадагы “Манас” ордени жана башка медаль, сыйлыктар менен сыйланган.
Орозбек Дүйшеев тоо-кен өнөр жайындагы өз ишин мыкты билген адис, жетекчи, ошону менен бирге коомдук ишмер гана эмес, адамгерчилиги жогору, өз элин элин-жерин сүйгөн инсан болгон. Анн жаркын элеси кыргызстандыктардын эсинде сакталат.
Сүрөт: Интернет булактарынан