Кытайлык инвесторлор менен Кыргызстанда геологиялык чалгындоо долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды
- 3 месяца мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 29-майда тоо-кен тармагында иш жүргүзгөн “Hunan Global South Industry” кытайлык компаниянын өкүлү Хэ Руцю баштаган инвесторлорду кабыл алды.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын аймагында геологиялык чалгындоо долбоорлорун ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн кароо маселелери сүйлөшүлдү.
Инвесторлор геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө, кадрларды даярдоого жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган олуттуу инвестиция салууга даяр экендигин билдиришти.
Инвесторлордун сунуштарын уккан Адылбек Касымалиев мамлекет маанилүү минералдар, полиметаллдар жана сейрек кездешүүчү элементтер тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чет элдик инвесторлорду тартууга кызыкдар жана иштешүүгө даяр экенин белгиледи.
Сүрөт: gov.kg




