Токтогул суу сактагычы: Суунун көлөмү 7 млрд 276 млн куб метр болду

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 2-апрелге карата, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7,276.62 миллиард куб болду. Муну менен суунун агып келиши жана керектөө көлөмү теңелди.

Бул тууралуу “Электрстанциялары” ачык акционердик коомунун сайтында айтылды.

Суунун суткасына орточо агып келиши секундуна 301 куб метр, суунун орточо чыгымы да ошончо, секундуна 301 куб. метр.   

29-марттагы маалымат боюнча, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 259 млн куб метрди түздү. 29-мартта суунун агып келиши секундасына 323 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 151 куб метрди түзгөн.

Сүрөт: «Электр станциялары» ААК.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты