Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт
- 4 недели мурун
17-сентябрда БИшкекте саат 09:00дөн саат 19:00гө чейин эски аэропорттун аймагы, Чыңгыз Айтматов проспектиси, Токтоналиев көчөсү, Төлөмүш Океев көчөсүндөгү турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Өчүрүү району: эски аэропорттун аймагы, Ч. Айтматов проспектиси, Токтоналиев көчөсү, Т. Океев көчөсү
Суу “Аэропорт” суу топтомосунда профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.
“Бишкек суу канал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




