Токтогул ГЭСинде күзөттө турган жоокерге ок тийип, каза болгону кабарланды

  • 5 месяцев мурун

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Токтогул ГЭСин кайтарып турган жоокерге ок атылып, каза болгону кабарланды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

Маалыматка караганда, күзөттө турган 20 жаштагы жоокерди башка жоокер атып алган. Окуя бүгүн, 20-ноябрда таңга маал болгон.

Саламаттык сактоо министринин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетов «Азаттыкка» Кара-Көл шаардык ооруканасына таңкы саат 6:15де чакыруу түшүп, дарыгерлер окуя болгон жерге барганда бир жаран каза болгону аныкталганын билдирди. Учурда маркумдун сөөгү шаардагы өлүкканада.

Ички иштер министрлиги бул окуянын чоо-жайы такталып жатканын кабарлады.

Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин өлүмү утур-утур катталып турат. Буга чейин 8-ноябрда Баткен районунда келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн чек арачы спорттук иш-чарада оор жараат алып каза болгон.

21-февралда Баткен облусунун аймагындагы чек ара бекетинде 26 жаштагы чек арачы өзүнүн 21 жаштагы кызматташын атып алганын Чек ара кызматы кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты