Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу жарлыгы чыкты  

  • 2 года мурун
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу жарлыгы чыкты  

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө» жарлыкка кол койду. 

Жарлыкка ылайык, 2020-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы төмөнкүлөргө ыйгарылды:

УсубалиевТаалайбекке, сүрөтчү — медицина кызматкерлеринин жана ыктыярчылардын COVID-19 пандемиясы менен күрөшү, ошондой эле коронавирустун курмандыктары жөнүндө картиналардын сериясы үчүн;

«Саманчынын жолу» спектакли үчүн Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын төмөнкү автордук жамаатына:

 — Сыдыгалиева Анарага, актриса — Толгонайдын ролун аткаргандыгы үчүн;

— Жанжигитов Даниярга актер — Майсалбектин ролун аткаргандыгы үчүн;

 — Конушбаев Алымгазыга, сүрөтчү-сценограф — оюндун сценографиясы үчүн.

Сүрөт: «Саманчынын жолу» спектаклинен. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты