Токмокто болгон жол кырсыгынан төрт жаштагы кыз чарчап калды
- 1 месяц мурун
Токмок шаарында болгон жол кырсыгынан төрт жаштагы кыз чарчап калды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-январда 61 жаштагы айдоочу “Фолксваген-Поло” үлгүсүндөгү автоунаа менен Токмоктун Шамшы көчөсү менен түндүктөн түштүктү карай баратып, рулга ээ боло албай, өтмөктөн 27 жаштагы келинди кызы менен сүзүп кеткен. Төрт жаштагы кыз окуя болгон жерден чарчап калган. Айдоочуга Кылмыш-жаза кодексинин “Жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин жана автотранспортту эксплуатациялоону бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Муну бөлүшүү