Токмокто бир урна жарактан чыгып, жаңысына алмаштырылды

  • 3 года мурун

Токмок шаарындагы №7064 шайлоо тилкесиндеги бир урна жарактан чыккандыктан акт түзүлүп, жаңысына алмаштырылды.

Маалыматка ылайык, партиялардын тизмеси жазылган бюллетендер узун болгондуктан урна толуп, кагаз тыгылып калган.

Аталган шайлоо тилкеси Токмок шаарындагы ири добушканалардын бири жана ага 2300 шайлоочу катталган. Түшкө чейин ал жерде 500дөй адам добуш берген.

Токмокто жалпысынан 20 шайлоо тилкеси ачылган.

Бүгүнкү парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын партиялардын негизинде шайлоо үчүн 3 миллион 703 миңден ашуун жаран катталган. Бир мандаттуу округдарда 3 миллион 619 миңден ашат. Чет өлкөдө жүргөн шайлоочулар бир мандаттуу округдар боюнча тизмеге киргизилген эмес.

Жалпысынын 2494 шайлоо тилкеси ачылган. Алардын 59у чет өлкөлөрдө.

Сүрөт: ПолитКлиника/Элиза Муратбек кызы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты