Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев 1-июнга чейин УКМК тергөө абагында болот

  • 11 месяцев мурун

Бишкектин Октябрь райондук соту коррупцияга байланыштуу кармалган Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевдин бөгөт чарасын карап, аны тергөө бүткүчө камакка алды.

Адвокаттар камакка байланышпаган бөгөт чарасын кабыл алууну суранышты.

Тергөө соту Алмаз Нурбеков кабыл алган чечимге ылайык, Урматбек Самаев 1-июнга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалат. Самаевдин адвокаты Кымбат Жекшен кызы журналисттерге соттун чечими менен макул эместигин, жогорку инстанцияга даттанарын айтты.

Урматбек Самаевди УКМК «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасындагы коррупцияга байланыштуу 17-апрелде кармаган.

Тергөө учурунда Токмок шаарында бир катар үйлөр «Токмок жылуулук» ишканасынын борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулганы аныкталган. Баштапкы маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 1-мартына чейин күйүүчү майды негизсиз эсептен чыгаруудан жана «Токмок жылуулук» ишканасы жылуулук энергиясы менен камсыздоого алынган каражаттарды мыйзамсыз пайдалануудан келтирилген зыян 130 миллион сомдон ашкан.

Тергөөчүлөр Урматбек Самаевди сотко алып кирип бараткан учурда ал журналисттерге кыскача комментарий берип, өзүнө коюлган айыптарды төгүндөдү. Самаев бул окуялар ал кызматка келе элек 2016-2018-жылдары болгонун айтып, кылмышка ага чейин иштегендер жооп бериши керектигин билдирди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Урматбек Самаев Токмок шаарынын мэри болуп 2021-жылы августта шайланган.

37 жаштагы Урматбек Самаев 2016-жылы парламентке “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен депутат болгон. Самаев Токмоктогу кылмыш дүйнөсүнө жана жүк аткезчилигине тиешеси бар экени айтылып келет.

2020-жылдын октябрь айында өткөн парламенттик шайлоого Самаев «Мекеним Кыргызстан» партиясынын катарында катышкан.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты