Токмок шаарында Ислам академиясы ачылды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Чүй облусунун Токмок шаарында Ислам академиясынын ачылышына катышты.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Садыр Жапаров архивдик булактардагы маалыматтарды келтирүү менен, Борбор Азияда “ислам ренессансынын” жаралышына Сиражудин Аль-Оши, Имам Серахси-Узгенди, Кадыйхан Узгенди, Жусуп Баласагуни, Махмуд Кашгари-Барскани ж.б. ата-бабаларыбыз өз салымдарын кошконун дүйнө жүзү жакшы билерин белгилеп өттү.

“Азыр биз турган жерде Бурана мунарасы менен таанылган, Улуу Жибек жолунун боюндагы береке-куту төгүлгөн бул аймактан кезинде адеп-ахлак баалуулуктарын, илим жана билимди, ислам маданиятын бийик деңгээлге көтөргөн улуу ойчул бабабыз Жусуп Баласагын жашап өткөн эмеспи” деди Президент.

Ал ошондой эле Кыргызстанда дин жана билим берүү маселелерине байланыштуу укуктук ченемдер жалпы дүйнөлүк стандарттарга ылайыкташтырылганын өзгөчө белгиледи.

Ислам академиясы теология жана дин таануу багытында жогорку деңгээлдеги билим берүү системасын өнүктүрүүгө, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого жана диний багыттагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттырууга багытталган алгачкы мамлекеттик жогорку диний окуу жайы катары мамлекет башчынын жарлыгы менен түзүлгөн.

Кампустун аянты 2 га түзөт, анын ичинде окуу корпусу, спорт зал жана жатакана бар. Академия 400 студентке ылайыкталган.

Мамлекет башчы Бириккен Араб Эмираттарынын Заид бин Султан Аль-Нахайян фондуна, илимий чөйрөнүн жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө бул долбоорду ишке ашырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты