Токаевдин өтүнүчү менен ЖККУнун бейпилдик күчтөрү Казакстанга жөнөтүлөт

  • 3 года мурун

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөт. Бул тууралуу уюмга төрагалык кылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 6-январда «Фейсбук» аркылуу жарыялады.

Ал мындай чечим «Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна, Казакстандын улуттук коопсуздугу менен суверендүүлүгүнө туулуп жаткан коркунучка жана сырттан кийлигишүүлөргө» байланыштуу кабыл алынганын билдирди.

«Жамааттык коопсуздук боюнча келишимдин 4-беренесине ылайык, ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңеши Казакстанга өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу максатында ЖККУнун жамааттык бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алды» деп жазды Пашинян.

Бирок Пашинян бейпилдик күчтөрү так канча убакытка, качан Казакстанга жөнөтүлөрүн тактаган жок. ЖККУнун Кыргызстан сыяктуу башка мүчөлөрү азырынча расмий маалымат бере элек.

Буга чейин Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУга мүчө-мамлекеттердин жетекчилеринен жардам сураган. Казакстандын Президенти Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, чет өлкөлөрдөн даярдыктан өтүп келген банда Казакстанга кол салганын, муну агрессия актысы катары баалаш керек экенин билдирди.  

Казакстандын бардык аймагына өзгөчө абал киргизилди.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду.

5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты. Нааразылык учурунда Казакстанда сегиз полиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу tengrinews.kz сайты өлкөнүн ички иштер министрлигине таянуу менен кабарлады.

Өкмөт отставкага кетип, айрым жогорку кызмат адамдары иштен алынды. Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кетти.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты