Токаевдин Шинжаңга сапары алдын ала айтылган эмес

  • 6 месяцев мурун

Кытайда расмий сапар менен жүргөн Казакстандын президенти КасымЖомарт Токаев 18-октябрда Шинжаңга барды.  

Казакстан президентинин администрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ал Үрүмчүдө Кытайдын Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугуп, «аймактык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин» талкуулайт.

Бул – Токаевдин 2017-жылдан бери саясий лагерлери менен дүйнөгө таанылган Шинжаң аймагына президент иретинде барган алгачкы сапары.

Акордонун маалыматында Токаев Ма Синжуй менен Шинжаңдагы казактардын маселесин талкуулары айтылган эмес.

18-октябрда Токаев Бээжинде “Бир алкак – бир жол” эл аралык кызматташтыктын үчүнчү форумунун ачылыш аземинде сөз сүйлөдү. Токаевдин Шинжаңга сапары алдын ала айтылган эмес.

Ма Синжуй мен Токаев быйыл март айында Астанада жолугушкан. Акордо Астанадагы кездешүүдө аймак аралык кызматташтык, транспорт, логистика, айыл чарба жана туризм маселелери талкууланганын гана жазган.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын өкүлдөрү «саясий тарбия берүүчү лагерлер» деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы 2017-жылдан бери кабарланып келет.

АКШнын Мамлекеттик департаменти «саясий тарбия берүүчү лагерлерде» эки миллиондой мусулман кармалып келерин билдирген.

Кытай Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келет.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты