Тогуз-Торо районунда мектептен өрт чыкты

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Каргалык айыл аймагындагы орто мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиргендей, мектептин чатыры күйүп жатканы тууралуу маалымат ӨКМге саат 00:10 де келип түшкөн. Жерине өрт өчүрүүчү эки бригада, 10 куткаруучу жана ыкчам топ тартылган. Имараттагы өрт түнкү саат 01:03тө курчоого алынып, таңкы 07:10до толук өчүрүлгөн.

Ведомстводон өрттүн кесепетинен мектептин чатырынын 480 чарчы мерт аянты толук күйүп кеткенин кошумчалашты. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Мектеп окуучулары кайда окуп жатканы азырынча белгисиз. Билим берүү министрлиги бул тууралуу кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты