Алайда Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган айтышта Чыңгызхан Кожошев гран-прини жеңип алды

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 12-сентябрда, Алай районунун Калама жайлоосунда Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналган айтыштын финалдык туру өттү. Финалга чыккан 8 жуп акындын арасынан Чыңгызхан Кожошев гран-принин жеңип алды.

Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.  

3-орунду – Жылдызбек Төрөканов (200 миң сом), 2-орунду – Кутман Садыбакасов (300 миң сом), 1-орунду Изат Айдаркуловага (500 миң сом) бөлүштүрүлдү.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, чет элдик коноктор жана жергиликтүү тургундар катышып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды.

Алайда Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган айтышта Чыңгызхан Кожошев гран-прини жеңип алды
Алайда Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган айтышта Чыңгызхан Кожошев гран-прини жеңип алды

Сүрөт: президенттин Ош облустук өкүлчүлүгү

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты