ТМУ саммити: Бир катар документтерге кол коюлду
- 1 месяц мурун
Азербайжандын Габала шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын 12-саммити аяктады.
Иш-чаранын жыйынтыгында ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюшту:
— Түрк мамлекеттер уюмунун Габала декларациясы;
— “ТМУ+ (OTS Plus)” форматын баштоо жөнүндө чечим;
— ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмун бекемдөө жөнүндө чечим.
7-октябрда Азербайжандын Габала шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө-өлкөлөрдүн саммити өттү.
Габала саммитинин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасы төрагалык кылууну расмий түрдө аяктап, төрагалыкты Азербайжанга өткөрүп берди.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




