Өткөн жылы кыргыз-кытай соода көлөмү дээрлик 20 млрд долларды түзгөн

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжунду кабыл алды.

Буга байланыштуу, президенттин басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, Садыр Жапаров «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык өз ара аракеттешүүнү сапаттык жаңы деңгээлге көтөрө турган ири транспорттук долбоор болуп калышы керектигин белгиледи.

Тараптар долбоорду ишке ашыруунун механизми жөнүндө жалпы түшүнүккө жетишишти, темир жолду куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө өкмөттөр аралык үч тараптуу макулдашууну даярдоо боюнча биргелешкен иш аяктады.

Буга байланыштуу мамлекет башчы долбоорду ишке ашыруу жакын арада башталаарына ишеним билдирди.

Өз кезегинде Кытайдын мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжун өткөн жылы өлкөлөр ортосундагы соода көлөмү дээрлик 20 миллиард долларды түзүп, тарыхый көрсөткүчкө жеткендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай чек арасында кошумча өткөрүү пункттарын ачуу, авиакаттамдарды жакшыртуу, ошондой эле биргелешкен инвестициялык фонд түзүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты