Тиш дарылоодон чарчап калган Алиянын иши боюнча дарыгерлер эркинен ажыратылды
- 2 месяца мурун
Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда тиш дарылоо учурунда каза тапкан үч жашар кыздын өлүмү боюнча 23-декабрда өкүм чыкканын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Айыпталуучулардын бири – стоматолог Айганыш Кадыркулова (К.А.Н) 5 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Анестезиолог Айнура Туратбекова (Т.А.Т.) 6 жылга эркинен ажыратылды.
Ахунбаев атындагы медакадемиянын медициналык борборунун ошол кездеги директору Муктарбек Искаков (И.М.Б.) 5 жылга эркинен ажыратылып, 3 жыл пробация берилди. Анын бөгөт чарасы камактан эч жакка чыкпоо тилкатына өзгөртүлүп, бошотулду.
Стоматологдун жолдошу Данияр Таалайбеков (Т.Д.Т.) 5 жылга эркинен ажыратылып, жазасын түзөтүү колониясында өтөөгө өкүм кылынды.
“Дентомакс” жеке клиникасынын директору Байыш Шамурзаев коюлган айыптар боюнча акталды.
Соттолуучулардан жабырлануучуларга моралдык компенсация үчүн 1 млн сом жана материалдык чыгым үчүн 541 745 сом өндүрүү чечими чыкты.
Бишкекте тишин дарылоо учурунда чарчап калган үч жашар Алия Кубанычбекованын окуясы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Алия Кубанычбекова 2023-жылдын 18-декабрында Бишкектеги жеке клиникалардын биринде тишине жасалган алты сааттык операциядан кийин чарчап калганы маалым болгон.
Апасы Айгүл Исакованын айтымында, кыздын тиштери ооруп, ириңдеп жаткандыктан, аны дарылатуу үчүн ата-энеси Бишкектеги Dentamax жеке клиникасына кайрылып, дарыгерлер операция керек экенин билдирген. Операция аталган клиникада эмес, Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун анестезиология жана реанимация бөлүмүнүндө жасалган. Дарыгерлер муну ал жерде жакшы шарт түзүлгөнү менен байланыштырышкан.
Атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын өткөн жылы 18-декабрда клиникага алып барганын, ага “Севоран” дарысын жыттатып тишин тазалайбыз дешкенин, бирок ага ийне сайышканын, наристе ошол бойдон ойгонбой калганын айткан.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Алиянын өлүмүнөн кийин Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борбордун директору, бөлүм башчысы, анестезиолог жана тиш доктур кызматтан бошотулганын билдирген.
Сүрөттө: Тиш доктурда дарылоодон кийин чарчап калган Алия. Сциалдык тармактан.