Тимур Малбашев маммүлктү башкаруу агенттигинин директору болуп дайындалды

  • 2 месяца мурун

Тимур Малбашев Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.

Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгондугун мамлекет башчынын сайты маалымдады.

Буга чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директору Примов Алмазбек өз арызына ылайык кызматынан бошотулган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты