ТИМ Вьетнамда оор абалда жаткан кыргызстандык тууралуу маалымат берди   

  • 4 недели мурун

Вьетнамда оор абалда жаткан Кыргыз Республикасынын жараны тууралуу массалык маалымат каражаттарында жарыяланган маалыматтарга байланыштуу, тышкы иштер министрлиги 22-мартта маалымат берди.

“2025-жылдын 19-мартында, 1975-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны С.А. Нячанг шаарындагы мейманканалардын биринен эс-учун жоготкон абалда табылып, ооруканага жеткирилген. Жаранда олуттуу жаракаттар аныкталган, анын абалы туруксуз. Хошимин шаарындагы медициналык мекемеге көчүрүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилиги жергиликтүү органдар менен тыгыз кызматташып, жабыркаган жаранга керектүү жардамды көрсөтүп жатат жана жанында жүргөн Кыргызстандын жарандары менен тыгыз байланышта болууда.

Бул маселе Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин жана Корея Республикасындагы элчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат” деп билдирди ТИМ басма сөз кызматы.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты