ТИМ Украинадагы кыргызстандыктарды Европа аркылуу чыгарып кетүү жолдорун сүйлөштү

  • 2 года мурун

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 25-февралда Германиянын жана Франциянын Кыргызстандагы элчилери менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тышкы иштер министри Украинанын аба мейкиндигинин жабылышын эске алып, европалык кесиптештеринен Кыргызстандын жарандары үчүн Украинага коңшулаш Европа өлкөлөрү аркылуу «жашыл коридор» түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүнгөн.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадагы кыргыз жарандарын Венгрия, Польша, Румыния аркылуу алып чыгып кетүү жолдорун иштеп чыккан.

Эвакуация боюнча Кыргызстандын жарандары Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин консулу Эрмек Каныбековго байланышуусу керек. Байланыш номери +380997573413, +380442370347.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты