ТИМ Украинадагы кыргызстандыктар үчүн ишеним телефондорун берди

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадагы акыркы кырдаалга байланыштуу кыргызстандык жарандарга кайрылып, бул өлкөгө барбай турууга чакырды.

Украинадагы кыргызстандыктар жергиликтүү мыйзамдарды сактап, жеке коопсуздугу үчүн керектүү чаралардын баарын көрүшү керектигин эскертти.

ТИМдин Консулдук кызматында жана Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде тынымсыз ыкчам байланыш уюштурулганын кабарлады.

«Элчилик Украинанын аймагындагы кыргыз жарандары менен тыгыз байланышта, аларга тийиштүү түшүндүрмөлөр берилген жана берилүүдө. Дипломатиялык өкүлчүлүк штаттык тартипте иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин байланыш номерлери:

+380997573413,

+380442370346,

+380442370348,

ТИМдин Консулдук кызмат департаментин байланыш номерлери:

+996 551 312 000

+996 703 428 865

+996 709 983 465

++996 554 065 215.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты