ТИМ Сауд Аравиясында жабыркагандар арасында кыргыз жарандары жок экендигин билдирди   

  • 1 год мурун

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2023-жылдын 28-мартында массалык маалымат каражаттарында  жарыяланган зыяратчыларды ташыган автобус кырсыгына байланыштуу   маалымат боюнча билдирүү жасады.

Кыргызстандын Сауд Аравия падышалыгындагы элчилигинин алдын ала маалыматы боюнча, учурда жабыркагандардын жана жаракат алгандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Меккеге бараткан автобус Асир шаарындагы көпүрөгө кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен 20 адам каза болуп, 29 адам жаракат алган.

Айрым маалымат каражаттары өз булактарына таянып, кырсыкка учураган автобустун ичинде зыяратчылар Йеменден болгонун жазып чыгышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты