ТИМ Саратов облусунда Кыргызстандын жарандары катышкан жол кырсыгы тууралуу маалымат берди
- 2 месяца мурун
2024-жылдын 30-ноябрынан 1-декабрына караган түнү саат 02:20 чамасында Россия Федерациясынын Саратов облусунун Ершов шаары менен Озинки айылынын ортосундагы трассада Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы катталды.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлады.
«Алынган маалыматка ылайык, «Toyota Sienna» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, ичинде 8 кыргыз жараны менен, башкарууну жоготуп, унаа жолдон чыгып кеткен. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн бири — 27 жаштагы Т.У. ошол жерден каза болгон. Беш жаран Энгельс шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилген. 29 жаштагы айдоочу оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Калган жүргүнчүлөрдүн абалы «орточо оордукта» деп бааланууда» деп айтылат маалыматта.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан