ТИМ: Россияда чет өлкөлүк жарандар үчүн медициналык кароодон өтүү жоопкерчилиги күчөтүлдү
- 2 месяца мурун
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия мыйзамдарына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын медициналык кароодон өтүүсүнө байланыштуу талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүчү өзгөртүүлөр киргизилгендиги тууралуу маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, чет элдик жарандын Россия мыйзамдарында белгиленген медициналык кароодон өтүү милдетин аткаруудан баш тартканы же андан качканы үчүн, эгерде бул аракеттер же аракетсиздик кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу иш-аракеттерди камтыбаса, 25 миңден ден 50 миң рублга чейинки административдик айып пул салынат жана Россиянын чегинен административдик түрдө чыгаруу же чыгарбоо менен коштолот.
Ал эми административдик айып пулду белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн учурда, укук бузуучуга төлөнбөгөн айып пулдун суммасынын эки эселенген өлчөмүндө айып пул салынат жана милдеттүү түрдө Россиянын аймагынан административдик түрдө чыгарып жиберилет.
Мындан тышкары, мыйзамда чет өлкөлүк жарандарды медициналык кароодон өткөрүү тартибин бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчилик, ошондой эле айланасындагы адамдар үчүн коркунуч туудурган оорулардын жоктугун тастыктаган жасалма расмий документтерди (медициналык маалымдамаларды) жасалгалаганы жана сатканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.
2026-жылдын 1-сентябрынан баштап Россиянын аймагында 90 күндөн ашык болууну пландаган чет элдик жарандар аталган өлкөнүн аймагына кирген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде медициналык кароодон өтүүгө милдеттүү.
Ушуга байланыштуу Министрлик Россияда 90 күндөн ашык болууну пландаган Кыргызстандын жарандарына, ошондой эле аталган талаптарга тиешелүү болгон башка жарандарга административдик жана кылмыш-укуктук кесепеттерге жол бербөө үчүн бул өзгөрүүлөрдү эске алууну жана кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамдарын так сактоону сунуштайт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




