ТИМ Польшага жумушчу виза алуу кыйынчылыгы тууралуу депутат Бекешевдин айткандарына жооп берди

  • 2 месяца мурун

15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын Польшага эмгек визасын алуудагы кыйынчылыктар тууралуу  көтөрүлгөн маселе боюнча тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине Тышкы министроиги кыргызстандык жарандарды чет өлкөлөрдө мыйзамдуу ишке орноштуруу, анын ичинде эмгек визаларын алуу шарттарын жеңилдетүү маселелери боюнча туруктуу  көмөк көрсөтөт.

Азыркы учурда, депутат тарабынан көтөргөн маселе боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат. Министрликтин жетекчилиги Польша тарап менен 2023-жылдын сентябрь жана 2024-жылдын январь айларында, атап айтканда, Польшанын Алматы шаарындагы башкы консулу Ю. Тымановский менен аталган маселе боюнча бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Бул маселени андан ары илгерилетүү жана Бишкек шаарында Польшанын консулдук мекемесин ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо максатында, жакынкы арада, Алматы шаарында Кыргыз Республикасынын жана Польшанын башкы консулдуктарынын жетекчилеринин деңгээлинде эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылып жатат.

Депутат Дастан Бекешев 15-февралда парламенттин жалпы жыйынында кыргызстандык жарандар үчүн Польшага Алматыдагы башкы консулдугу аркылуу жумушчу визасын алуудагы кыйынчылык тууралуу маселе көтөрүп, Польшанын консулдук мекемесин Бишкекте ачууну сунуштаган.

ТИМ буларды эскертти: Жалпы жарандык паспорттун ээлери болгон Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Польшанын аймагына кирүүгө виза алуу зарыл.

Польшанын кыска мөөнөттүү визалары Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан төмөндөгү категориялар боюнча берилет, алардын ар биринин талаптары жана эрежелери менен айырмаланат: Туристтик виза, ишкердик виза, мейман виза, кызматтык виза, спорт/маданий виза, медициналык виза.

Визага тапшыруу үчүн электрондук анкетаны жана керектүү документтердин тизмесин төмөнкү шилтеме аркылуу таанышып алса болот: https://www.eda.admin.ch/countries/kyrgyzstan/ru/home/viza/entry-ch/up-90-days/documents-schengen.html.

Улуттук виза, анын ичинде жумушчулар үчүн арыздар Польшанын Алматыдагы Башкы консулдугуна берилиши керек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты