ТИМ Орусиянын миграция мыйзамындагы өзгөрүүнү эскертти

  • 11 месяцев мурун

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын миграциялык мыйзамдарында маанилүү өзгөрүүлөр болгонун билдирди.

Ага ылайык, кыргызстандык жарандар ушул жылдын октябрь айынан тартып Орусияга барганда өздөрү жана жашы жете элек балдары тууралуу маалыматты миграциялык каттоо органдарга электрондук форматта жөнөтө алат. Ал үчүн «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү порталында» жеке кабинети болушу керек. Андан сырткары электрондук форматтагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү маалымат системасына катталышы зарыл.

«Батирдин ижарасы тууралуу келишим түзгөндө жарандар ошол үйдүн ээсининин кошумча макулдугу жок (өзү барып, же электрондук түрдө) өзү жана жашы жете элек балдары тууралуу ошол келишимде кабар бере алат» деп жазылган маалыматта.

ТИМ мыйзамдагы мындай өзгөрүүлөр орус тарап менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн негизинде ишке ашып жатканын белгиледи.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чамалайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты