ТИМ кыргызстандык жарандарды Украинадан алып кетүү аракетин көрүп жатканын билдирди

  • 2 года мурун

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадагы абалдын курчушуна байланыштуу кыргызстандык жарандарды ал жактан алып кетүү аракетин көрүп жатат.   

Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги билдирди.  

-Украинадагы абалдын курчушунан жана аба жолдорунун жабылышынан улам Украинадан жарандарыбызды башка үчүнчү өлкөлөрдүн аймагы аркылуу алып кетүү аракети жасалууда.  

Жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоо үчүн жашаган жерлери кооптуу болгон жайлардан Киев шаарында элчиликке чогултууда. Элчилик Печорский районунда, Радутный 19/34 чолок көчөсүндө жайгашкан.

Ал эми турак жайлары коопсуз болгондорду үйдөн чыкпоого чакырды.   

Украинадан чыгып кетүүнүн каалагандар бул телефон номурларына кайрылышы керек:

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:

+380997573413,

+380442370346,

+380442370348, Элчиликтин  «WhatsApp» тобу;

КР ТИМинин консулдук кызмат департаменти:

+996 551 312 000  

+996 703 428 865

+996 709 983 465

+996 554 065 215.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты