ТИМ Катар дипломаттарынын Египеттеги жол кырсыгында каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтат
- 1 месяц мурун
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарында орун алган жол кырсыгынан Катар мамлекетинин үч дипломатынын трагедиялуу каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруусун билдирет.
“Ушуга байланыштуу катар тарабына, маркумдардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Ошондой эле бул каргашалуу окуяда жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайбыз” деп айтылат маалыматта.
Жекшемби күнү, 12-октябрда, Каирде Катардын басма сөз кызматы жол кырсыгында Сауд бин Тамер Аль Тани, Абдулла Ганем Аль Хайярин жана Хасан Жабер Аль Жабер каза болгондугун маалымдаган. Ал эми жаракат алгандар жергиликтүү ооруканага жеткирилген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




