ТИМ: Германиядагы элчиликтин Бонн шаарындагы бөлүмүн жабуу чечими кабыл алынды
- 1 год мурун
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин ишин оптималдаштыруу максатында Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 2023-жылдын 1-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын элчилигинин Бонн шаарындагы бөлүмүн жабуу чечимин кабыл алды.
Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.
Ушуга байланыштуу, Кыргызстандын Германиядагы элчилиги 2023-жылдын 1-майынан тартып элчиликтин Бонн шаарындагы бөлүмү жарандарды кабыл алуу жана документтерди тариздөө токтотулганын билдирет.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо жана документтештирүү тууралуу жана башка суроолор боюнча Франкфурт-на-Майне шаарындагы Консулдук агенттигине же Берлиндеги Кыргыз Республикасынын элчилигинин консулдук бөлүмүнө кайрылсаңыз болот.
Муну бөлүшүү