ТИМ: Германияда кармалган борборазиялык жети жаран боюнча соттун чечими күтүлүүдө

  • 10 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги 6-июлда Германиянын маалымат каражаттарында Түндүк Рейн-Вестфалия жеринде криминалдык полиция башкармалыгынын катышуусунда Федералдык криминалдык полиция башкармалыгы тарабынан 7 чет элдик, анын ичинде Түркмөнстандын 1 жараны, 5 Тажикстандын жана Кыргызстандын бир жараны (К.А.) кармалганы тууралуу макала  боюнча маалыматтык билдирүү таратты.

«Айыпталуучулар Германияда террордук уюмду түзүүгө шектелип, ошондой эле тыюу салынган чет элдик «Ислам мамлекети» террордук уюмун колдогон деп айыпталууда. Жакынкы күндөрү жогоруда аталган кармалган жарандарга карата соттун чечими күтүлүүдө. Учурда Германиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги бул иштин маңызы боюнча Германиянын Федералдык полициясынын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта» деп айтылат ТИМ тараткан маалыматта.

Өткөн жумада Германиянын башкы прокуратурасы Германия менен Нидерландда теракт уюштурууну көздөгөн жети борборазиялык кармалганын билдирген. Анын бирөө кыргызстандык болгону айтылган.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты