ТИМ “Электрондук консул” сайтын ишке киргизди

  • 1 год мурун

Тышкы иштер министрлиги, ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер тарабынан консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү максатында «Электрондук консул» маалыматтык системасынын веб-сайты – https://e-consul.gov.kg/ ишке киргизилгендигин маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, сайт аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тышкы иштер министрлигинин консулдук департаменти, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү консулдук кызматтардын тизмесин, паспорттун түрүнө жараша чет өлкөгө баруу шарттары жөнүндө маалымат,  Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин байланыш маалыматтары жана башка пайдалуу маалыматтарды алууга болот.

Ошондой эле консулдук кызмат көрсөтүүлөр боюнча кыргыз, орус жана англис тилдеринде онлайн-консультацияларды алуу мүмкүнчүлүгүн берет: визаларды тариздөө, паспорттоштуруу, жарандык абалдын актыларын жазууну каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгы боюнча маселелер, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары тарабынан берилген документтерди легалдаштыруу жана консулдук кызмат көрсөтүүлөр сунушталат.

Консультациялар социалдык тармактар – Facebook, Instagram, WhatsApp жана Telegram аркылуу күнү-түнү онлайн режиминде берилет.

Консулдук кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун жогорулатуу үчүн төмөнкү жаңы онлайн-кызматтар ишке киргизилди: электрондук булут колтамгасы аркылуу консулдук каттоого туруу жана каттоодон чыгаруу, мамлекеттик (консулдук) кызматтарды алуу үчүн дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жана консулдук мекемелерге кабыл алууга электрондук жазылуу аркылуу ыңгайлуу күнүн жана убактысын тандоого мүмкүндүк берет.

Кененирээк маалыматты веб-сайт https://e-consul.gov.kg/ аркылуу алса болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты