ТИМ: Чет өлкөдө кыргызстандыктар электрондук кол тамга ачкыч сертификатын дипөкүлчүлүктөн алса болот

  • 10 месяцев мурун

2023-жылдын 25-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн КР жарандары “Булут” технологиялары аркылуу түзүлгөн электрондук кол тамгасынын ачкычтарынын сертификаттарын Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук мекемелеринен акысыз ала алышат.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги 12-июлда билдирүү таратты.

Серификаттарды алуу үчүн КР жараны Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине Кыргызстандын жарактуу улуттук паспорту менен жеке түрдө кайрылуусу керек.

Кошумча маалымат алуу үчүн, КР дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине кайрылуу сунушталат (байланыш маалыматтар КРдин Тышкы иштер министрлигинин mfa.gov.kg расмий сайтында жарыяланган).

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты