ТИМ Алматыдагы кыргызстандык кыздын өлүмү тууралуу комментарий берди
- 8 месяцев мурун
Тышкы иштер министрлиги Алматы шаарында каза болгон 17 жаштагы кыргызстандык кыздын өлүмү тууралуу комментарий берди.
Маалыматка ылайык, 26-июнда маркум (У.К.Н.) Алматы шаарынын Сейфуллина №31/50 көчөсүндө жайгашкан кабат үйдүн 7-кабатынын терезесинен кулап түшүп, каза болгон. Министрлик ал Алматыга ушул жылдын 21-майында барганын айтты.
Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугу маркумдун сөөгүн Мекенге сөөгүн жөнөтүү иштери менен алектенүүдө.
26-июнда Алматыда 7-кабаттын терезесинде бийлеп жаткан кызды көрүшкөнүн жазышкан, андан кийин кулап түшүп каза тапкан. Айрым маалыматтарга караганда, кыздын психикалык ден соолугунда көйгөйү болгон.
Иллюстрациялык сүрөт: Алматы шаары
Муну бөлүшүү